КЫРГЫЗСТАН 2024/25
🠔 Артка
🠔 Артка
Amnesty International уюму Борбордук Азиядагы IDEA уюму менен биргеликте кыргыз тилинде «Адам укуктарына киришүү» онлайн – курсун ишке киргизет. Бул Amnesty Academy платформасында жана Amnesty Academy тиркемесинде кыргыз тилинде сунушталган алгачкы курс болуп, адам укуктары боюнча сабаттуулукту арттырууну бардык кыргыз тилдүүлөргө жеткиликтүү кылат.
Около 20 лет назад в Польше небольшая группа активистов провела 24-часовой марафон по написанию писем. В последующие годы эту идею подхватили и в других странах. Сегодня «Марафон писем» – это крупнейшая ежегодная правозащитная акция в мире. Ниже планы занятий на русском, казахском и кыргызском языках.
16-январда милиция кызматкерлери Кыргызстанда коррупция боюнча айыптоолорду иликтеген эки көз карандысыз “Айт Айт десе” жана “Темиров LIVE” медиа-долбоорлорунун мурдагы жана учурдагы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүздү. Алардын арасында “Темиров LIVE” каналынын жетекчиси Махабат Тажибек кызы жана 23 жаштагы фактыларды текшерүүчү Айке Бейшекеева да бар. Социалдык тармактарда жарыяланган видеодон келип чыккан “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 11 адамдын баары сурак берүү үчүн камакка алынган. Эми аларга расмий айып тагылып, тергөө абагында отурушат жана 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. 12-марттан 9-апрелге чейин алты журналист тергөө абагынан үй камагына которулуп, бирөө эч жакка кетпөө тил катынын негизинде чыгарылды. Бирок аларга коюлган айыптар алынып салынган эмес. Ал эми Махабат, Айке жана дагы эки журналист камакта калтырылды.
“Чет элдик агент” статусу коюлган орусиялык коомдук ишмерлер Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго, “Чет өлкөлүк өкүл” боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамга киргизилген түзөтүүлөргө вето коюу чакырыгы менен кайрылышты. Музыкант Андрей Макаревич, мигранттарга жана качкындарга жардам көрсөткөн кайрымдуулук уюмунун жетекчиси Светлана Ганнушкина, 2022-жылдагы Нобель Тынчтык сыйлыгына татыган “Мемориал” уюмунан тарыхчы Ян Рачинский сыяктуу коомдук жана маданий ишмерлер, Мамлекет башчысына жолдогон видео кайрылууда, алардын бардыгы дал ушундай мыйзамдардан улам өз өлкөсүндө олуттуу кыйынчылыктарга туш болушканын билдиришкен.
Amnesty International уюму бүгүн 2021-жылдан бери бийликтегилер каршы сын — пикирлерди басууну күчөтүп, адам укуктарынын кепилдиктерин бузуп жатканын баса белгилеген билдирүүсүн жарыялоо менен Кыргызстанда бийликтегилер өлкөдө жарандык коомго карата болуп көрбөгөндөй куугунтуктоо кампаниясын жүргүзүп жатат, билдирди.
Amnesty International уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мэйси Вайхердинг, Кыргызстандын бийлиги коммерциялык эмес көз карандысыз “Клооп Медиа” басылмасын жабуу арызы менен сотко кайрылганы тууралуу кабарга жооп берип жатып буларды айтты:
Негизи мусулман этникалык топтон турган 48 адамдын Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялык аймагындагы түзөтүүчү лагерлерде кармалып же акыйкат сот чечими жок эле түрмөлөргө жөнөтүлгөнү айтылууда. Башка туткундар менен бирге «Шинжаң туткундарын бошоткула» өнөктүгүнүн каармандары катары алардын саны 120 адамга жетти. Мындай жагдай 2017-жылдан бери бул аймакта кармалган болжолдуу 1 миллион же андан көп эркектер менен аялдардын тагдырын чагылдырат. Кытай өкмөтү атайылап, максаттуу түрдө Шинжаңда негизинен уйгурларды, казактарды жана басымдуу бөлүгү мусулман этникалык топторду бутага алып, аларды массалык түрдө камакка алуу менен кыйноо көрсөтүп жана башка катаал мамилелерди жасап келет. Кытай өкмөтү Шинжаңдагы түзөтүүчү лагерлердеги жана өзүм билемдик менен мыйзамсыз кармалган бардык адамдарды дароо бошотууга тийиш.
• Эл Аралык Мунапыс Уюмунун (Amnesty International) негизсиз камакка алуу өнөктүгүнө болжол менен 50гө жакын жаңы кармалгандар кошулуп, алардын жалпы саны 120га жетти.