Guards escort detainees to an internment camp in Xinjiang_ China.

Amnesty International уюму Кытайдагы Шинжаңда камакка алынган жана дайынсыз жоголгондорго колдоо көрсөтүүгө чакырат

Негизи мусулман этникалык топтон турган 48 адамдын Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялык аймагындагы түзөтүүчү лагерлерде кармалып же акыйкат сот чечими жок эле түрмөлөргө жөнөтүлгөнү айтылууда. Башка туткундар менен бирге «Шинжаң туткундарын бошоткула» өнөктүгүнүн каармандары катары алардын саны 120 адамга жетти. Мындай жагдай 2017-жылдан бери бул аймакта кармалган болжолдуу 1 миллион же андан көп эркектер менен аялдардын тагдырын чагылдырат. Кытай өкмөтү атайылап, максаттуу түрдө Шинжаңда негизинен уйгурларды, казактарды жана басымдуу бөлүгү мусулман этникалык топторду бутага алып, аларды массалык түрдө камакка алуу менен кыйноо көрсөтүп жана башка катаал мамилелерди жасап келет. Кытай өкмөтү Шинжаңдагы түзөтүүчү лагерлердеги жана өзүм билемдик менен мыйзамсыз кармалган бардык адамдарды дароо бошотууга тийиш.


Каттын тексти:

Урматтуу төрага Си Цзиньпин:

Мен азыр Кытай мамлекетинде жашаган дээрлик бөлүгү мусулман этникалык топтон турган 120 адамдын түзөтүүчү лагерлерде камалып же акыйкат сотсуз Шинжаңдын түрмөлөрүндө жатканын угуп, абдан жаман абалда болуп турам. Алардын абалы 2017-жылдан бери Шинжаңда Кытай өкмөтү тарабынан камакка алынган болжолдуу саны 1 миллион же андан көп эркектер менен аялдардын тагдырына окшош.

Amnesty International уюмунун «Биз согуштагы душман сыяктуу» докладында берилген далилдерине жараша Кытай өкмөтү Шинжаңда  эң аз дегенде камоо, кыйноо жана куугунтуктоо сыяктуу адамзатка каршы кылмыштарды жасап келе жатканы ачык айкын көрүнүп турат. Жашоо, саякаттоо, чет өлкөдө окуу, куран окуу же диний кийимдерди кийүү сыяктуу көбүбүз кадимкидей кабыл алган мыйзамдуу иш-аракеттер адамдарды камоо, түзөтүүчү лагерлерге же түрмөлөргө жөнөтүү үчүн негиз катары колдонулуп жатат. Камактагылар тынымсыз идеологиялык мажбурлоолорго, физикалык жана психологиялык кыйноолорго жана башка ырайымсыз мамилелерге дуушар болушууда.

Дуушар болгондордун чет өлкөдө жашап жаткан үй-бүлө мүчөлөрү алар менен көп жылдардан бери баарлаша албай, аргасыздан үмүт артып келишет. Алардын тынчсызданууларын кошумчалай турган нерсе, камактагылар өз каалоосу боюнча адвокат ала албагандыктан, кыйноого же катаал мамилелерге кабылуу коркунучу жогору.

Ошондуктан, мен сизди төмөнкүлөргө көңүл бурууга чакырам:

  • Шинжаңдын түзөтүүчү лагерлеринде жана түрмөлөрүндө  камалган бардык адамдар, эгерде алар эл аралык деңгээлде таанылган кылмыш жасагандыгы тууралуу жетиштүү, ишенимдүү жана жол берилүүчү далилдер болбосо, дароо бошотулсун.
  • Эркиндикке чыкканга чейин алардын учурдагы турган жери ачыкталсын, үй-бүлөсүнө жана өзү тандаган адвокатына жолугууга мүмкүнчүлүк берилсин жана кыйноого же башка катаал мамилелерге дуушар болбошуна кепилдик берилсин.

Адрес:

Кытай Эл Республикасынын Төрагасына

Xi Jinping

Zhongnanhai

Xichangan’jie Xichengqu
Beijing Shi 100017
People’s Republic of China

Факс: +86 10 6238 1025

эдарек: english@mail.gov.cn

Кытайча: 北京市西城区西长安街街道 100017