Орусиялык коомдук ишмерлер Кыргызстандын президентине “Чет өлкөлүк өкүл” жөнүндөгү мыйзамга вето коюу чакырыгы менен кайрылышты. Бул кампанияга Андрей Макаревич, Борис Акунин жана Ян Рачинский кошулду

“Чет элдик агент” статусу коюлган орусиялык коомдук ишмерлер Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго, “Чет өлкөлүк өкүл” боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамга киргизилген түзөтүүлөргө вето коюу чакырыгы менен кайрылышты. Музыкант Андрей Макаревич, мигранттарга жана качкындарга жардам көрсөткөн кайрымдуулук уюмунун жетекчиси Светлана Ганнушкина, 2022-жылдагы Нобель Тынчтык сыйлыгына татыган “Мемориал” уюмунан тарыхчы Ян Рачинский сыяктуу коомдук жана маданий ишмерлер,  Мамлекет башчысына  жолдогон  видео кайрылууда, алардын бардыгы дал ушундай мыйзамдардан улам өз өлкөсүндө олуттуу кыйынчылыктарга туш болушканын билдиришкен. 

Коомдук ишмер Ян Рачинский өз кайрылуусунда бейөкмөт уюмдарды каржылоо жаатындагы ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган орусиялык мыйзамдын аягы ачык репрессиялык мүнөзгө ээ болгонун белгилеген. Ал: “Бул мыйзам соттон тышкары тартипте адамдарды эч кандай олуттуу аргументсиз же далилсиз чет элдик агент деп жарыялоого мүмкүндүк берет”, — деди.

Ал совет доорунда диссиденттер кабылган репрессиялардан жапа чеккен Кыргызстан, кайрадан репрессиялык мүнөздөгү мыйзам кабыл алып жатканына таң калганын айтты. Ал «өз аргументтерине таянган бийлик үчүн бул таптакыр керексиз жана зыяндуу мыйзам» деген ишенимин билдирди.

[Орусиянын] мыйзамдары соттон тышкары тартипте, адамдарды эч кандай олуттуу аргументсиз же далилсиз чет элдик агент деп жарыялоого мүмкүндүк берет

Ян Рачинский, Эл аралык “Мемориал” коомунун жетекчиси

“Машина времени” музыкалык тобунун жетекчиси, музыкант Андрей Макаревич чет элдик каржыланууга эч байланышы жоктугуна карабастан, ал “башкача жүрүм-туруму” үчүн “чет элдик агент” деп таанылганы тууралуу жеке тажрыйбасы менен бөлүштү. “Бул трюк Грузияда ишке ашкан жок. Грузиндер азамат, алар өздөрүнүн эркиндигин жана өздөрүн сыйлашат”, — деп айтып, ал грузин парламентинин 2023-жылдын мартындагы массалык нааразылык акцияларына жооп катары “чет элдик агенттер” боюнча түзөтүүлөрдү кабыл албоо чечимин эске салды.

Бул трюк Грузияда ишке ашкан жок.  Грузиндер азамат, өз эркиндигин жана өздөрүн сыйлашат

Андрей Макаревич, орус музыканты

“Жарандык колдоо комитети” кайрымдуулук фондунун төрайымы Светлана Ганнушкина маселенин гуманитардык жагына токтолуп, эгерде мамлекеттин өзүндө социалдык жактан колдоого муктаж адамдарга жардам берүүгө ресурстары жетишсиз болсо, аларга кол сунууда эл аралык колдоо маанилүү экендигин белгиледи.

Анын айтымында, уюмдар колдоо үчүн чет өлкөлөрдөгү фонддорго кайрылышса да, “бул эч нерсени билдирбейт”, анткени “биздин планета абдан кичинекей, биз баарыбыз бири-бирибиз менен байланыштабыз жана баарыбыз  калктын аялуу катмарындагы адамдарга жардам берүүнү каалайбыз”.

Мурдагы адвокат жана абийир туткуну Михаил Беньяш өзүнүн окуясы тууралуу айтып берип — ал “чет элдик агент” деп табылгандан кийин кантип адвокаттык статусунан ажыратылганын жана ал үчүн кесибине толугу менен тыюу салынганын билдирген. “Чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзам цензуранын эң татаал, эң жийиркеничтүү куралы. Анын азыркы демократиялык коомдо орду жок”, — деди ал.

“Чет элдик агенттер” жөнүндөгү [Орусиянын] мыйзамы цензуранын эң татаал, эң жийиркеничтүү куралы

Михаил Беньяш, мурдагы адвокат жана абийир туткуну

“Общественный вердикт” (Коомдук вердикт) укук коргоо фондунун жетекчиси Наталья Таубина, Михаил Беньяшка пикирине тилектештигин билдирди. «Эгер статистикага көз чаптырсак “чет элдик агент” деп таанылган же “чет элдик агент” катары таанылуу коркунучуна кабылган уюмдардын басымдуу көпчүлүгү жоюлуп, жарандык коомдун институттар катары ишин токтотууга аргасыз болушкан”, — деп айтты ал.

Элдин “чет элдик агенттердин” тизмесине кирген уюмдарга болгон ишеними [..] тилекке каршы төмөндөп баратат. Ошондой эле, албетте Орусиядагы “чет элдик агенттер” мыйзамы абдан көп жаман иштерди жасады

Леонид Драбкин, ОВД-Инфонун координатору

“ОВД-Инфо” укук коргоо долбоорунун координатору Леонид Драбкиндин айтымында, Орусиядагы дал ушундай мыйзам отчеттуулук жана текшерүүлөр менен уюмдардын жашоосун татаалдаштыруу менен гана чектелбестен, ошондой эле “чет элдик агенттер” кандайдыр бир мааниде “мамлекеттин душмандары” деп карапайым элдерди алардан алыстаткан.

“Элдин “чет элдик агенттердин” тизмесине кирген уюмдарга болгон ишеними [..] тилекке каршы төмөндөп баратат жана албетте, Орусияда “чет элдик агенттер” мыйзамы абдан, өтө көп жаман иштерди кылды жана тилекке каршы, [анын] акыр аягы  көрүнбөйт”, — деп айтты ал.

14-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши — ассоцациялардын эркиндигин чектеген, катаал эрежелерди киргизген жана чет өлкөдөн каржыланган уюмдарга ашкере мамлекеттик көзөмөлдү орноткон – “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” (КЭУ) мыйзамды көпчүлүк добуштар менен кабыл алды. Бул мыйзам өзгөчө чет өлкөлүк каржылоого таянган көз карандысыз КЭУларга таасирин тийгизет, аларды «чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткаруучу» катары классификациялап, бардык финансылык, башкаруучулук жана оперативдүү иш-аракеттери боюнча оор отчеттуулукту талап кылат. “КЭУ – чет өлкөлүк өкүл” түшүнүгү 2012-жылдагы орус мыйзамдарынын үлгүсүнөн алынганы анык. Ал жарандык секторго катуу сокку уруп, көптөгөн уюмдарды “чет элдик агент” деген атка конуп калуудан коркуп, жоюлууга же өз ишмердүүлүктөрүн олуттуу кыскартууга аргасыз кылган.