Кыргызстан: Жарандык коомду куугунтуктоо адам укуктарына жана өлкөнүн эл аралык аброюна коркунуч келтирүүдө

Amnesty International уюму бүгүн 2021-жылдан бери бийликтегилер каршы сын — пикирлерди басууну күчөтүп, адам укуктарынын кепилдиктерин бузуп жатканын баса белгилеген билдирүүсүн жарыялоо менен Кыргызстанда бийликтегилер өлкөдө жарандык коомго карата болуп көрбөгөндөй куугунтуктоо кампаниясын жүргүзүп жатат, билдирди.

“Кыргыз бийлигинин жарандык коомго каршы кампаниясы – жөн эле сынды четке кагуу үчүн кокустан жасалган, сейрек кездешүүчү аракеттер эмес – анын стратегиялык максаты бийликти сынга алуудан баш тарттыруу. Мамлекеттик чоңдордун мындай иш-аракеттери аймактын жакынкы тарыхында колдонулган өтө репрессиялуу тактикалардын айрымдарын кайталайт”, — дейт Amnesty International уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мэйзи Вайхердинг

Кыргыз бийлигинин жарандык коомго каршы кампаниясы – жөн эле сынды четке кагуу үчүн кокустан жасалган, сейрек кездешүүчү аракеттер эмес – анын стратегиялык максаты бийликти сынга алуудан баш тарттыруу

Мэйзи Вайхердинг, Amnesty International уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү

“Учурда Кыргызстан эки жолдун кесилишинде турат. Бийликтин чектөөчү мыйзамдарды атайылап колдонуусу бүтүндөй жарандык коомдун жана алардын олуттуу колдоосун алып келген өлкөдөгү эң жогорку тобокелдиктерге дуушар болгон адамдардын келечегине кооптонууларды жаратат”, — деп кошумчалады ал.

“Президент Садыр Жапаров бийликке келгенден үч жыл өткөндөн кийин сын пикирлерди басууга жана бейөкмөт уюмдардын, айрыкча адам укуктарын коргоо же “саясий активдүүлүк” менен алектенгендердин ишмердүүлүгүн чектөөгө багытталган бир катар мыйзам демилгелерин, саясаттарды жана практикаларды ишке ашырган администрацияны жетектеп баштады — деди Вайхердинг.

Жарандык коомго каршы жапырт куугунтуктоо

2023-жылдын октябрында сунушталып, учурда талкууланып жаткан “чет элдик өкүлмыйзам долбоору жана колдонуудагы бейөкмөт уюмдардын жоболоруна киргизилген өзгөртүүлөр Орусиянын белгилүү “чет элдик агенттер” мыйзамын туурайт. Эгерде мыйзам кабыл алынса, жарандык коомдук уюмдардын эркин жана натыйжалуу иштөөсүнө олуттуу тоскоолдуктарды жаратат жана Кыргызстандын адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерин бузуп, калктын эң маргиналдашкан катмарына мамлекет өзү учурда камсыздай албаган кызматтарды алуу мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыратуу коркунучу бар.

Жаңы мыйзам долбоорунун масштабдуу жана бүдөмүк тили бийликтерге бейөкмөт уюмдардын мыйзамдуу ишмердүүлүгүн бутага алуу үчүн ашыкча дискрециялык ыйгарым укуктарды берет. Айрыкча жаңы кылмыш иштеринин киргизилиши, ошондой эле жарандык активисттерге карата катуу жазаларды колдонуу демилгелери өзгөчө тынчсызданууларды жаратат.

Тынч чогулуштарга болгон укук 2022-жылдын мартынан бери борбордук коомдук жайларда нааразылык акцияларына жапырт тыюу салуу жана бийликтин саясатын сындаган жыйындарга сот тарабынан киргизилген чектөөлөр менен одоно түрдө бузулган. Башында Орусиянын Украинага каршы согушунун контекстинде «ар кандай массалык баш аламандыктарды» болтурбоо үчүн убактылуу чара катары көрсөтүлгөн бул ашыкча жана пропорционалдуу эмес чектөөлөр аягында 2024-жылдын март айынын аягына чейин узартылды.

2022-жылдын октябрында укук коргоочу Рита Карасартова баштаган 27 адам адам коңшу Өзбекстан менен чек араны демаркациялоо келишимине кол коюуга каршы нааразылык акцияларынан кийин өзүм билемдик менен камакка алынып, бардыгына негизсиз кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын май айында киргизилген Жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жөнгө салуу боюнча жаңы мыйзам долбоору айтып тургандай, басма сөз эркиндиги коркунуч алдында турат. Бул сунушталып жаткан мыйзам бийликтин интернет булактарына көзөмөлүн кеңейтип, «адеп-ахлак» жана «калктын саламаттыгы» деген бүдөмүк терминдердин негизинде маалыматтардын мазмунун чектейт.

Мамлекеттик чоңдордун мындай иш-аракеттери аймактын жакынкы тарыхында колдонулган өтө репрессиялуу тактикалардын айрымдарын кайталайт

Мэйзи Вайхердинг, Amnesty International уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү

“Азаттык” радиосунун кыргыз кызматы 2023-жылдын апрель-июль айларынын аралыгында жабуу аракеттеринен кутулуп чыккан, ал эми Kloop көз карандысыз медиасы 2023-жылдын сентябрында жабылган. Жакында эле, 2022-жылдын августунда Кыргызстандын жарандыгынан ажыратылып, өлкөдөн депортацияланган иликтөөчү — журналист Болот Темировго байланыштуу долбоорлорго тиешеси бар деген шек менен 11 кабарчы камакка алынды.

Соттордун көз карандысыздыгы да коркунучта, муну 2023-жылдын сентябрында кабыл алынган мыйзам далилдеп турат. Жаңы мыйзамга ылайык, президент Конституциялык соттун чечимдерин “коомдук моралдык жана этикалык баалуулуктар” сыяктуу субъективдүү түшүнүктөрдүн негизинде жокко чыгара алат.

Amnesty International уюму кыргыз бийлигин сунушталып жаткан чектөөчү мыйзамдарды кайра карап чыгууга жана учурда күчүндө турган негизсиз репрессиялык мыйзамдарды жокко чыгарууга чакырат. Бийлик жарандык коом менен мазмундуу диалог жүргүзүп, адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткырышы керек. Алар ошондой эле сөз эркиндигине, тынч чогулуштарга жана ассоциацияларга болгон укуктар корголгон жана урматталган чөйрөнү түзүүгө тийиш.

“Эркин жана коркпостон иштей ала турган өнүккөн жарандык коом – бул ар бир өлкө үчүн, өзгөчө экономикалык жана климаттык каатчылык маалында баа жеткис жана алмаштырылгыс байлык – Кыргызстандын жарандык коому өзүн эчак эле ушундай байлык катары көрсөтүүгө жетишкен. Кыргыз бийлиги келечекке жол ачып, конструктивдүү сынды жана сөз эркиндигин туура кабыл алып, ар бир адамдын кадыр-баркын жана укуктарын сыйлаган жолду түзүүгө убакыт келди”, — деп айтты Мэйзи Вайхердинг.