Бийлик өкүлдөрү тынч маанайдагы каршы сындарды жана нааразычылыктарды кысымга алууну күчөттү. Активисттер менен көз карандысыз журналисттер камалып, негизсиз айыптоолор менен сот жообуна тартылды. “Чет элдик өкүлдөр” жөнүндөгү жаңы мыйзам жарандык коомдун биригүү жана сөз эркиндигине болгон укуктарына катуу чектөөлөрдү киргизди. Саясий жүйө менен камалып, соттолуп жаткан жыйырма эки адам акталды. Гендердик зомбулук, анын ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук тыйылбай келет жана көп учурлар айтылбай, жашыруун бойдон калууда. Төрт үй-бүлөдөн үч үй-бүлөнүн жетиштүү тамактанууга чамасы жетпейт. Бийлик айлана-чөйрөгө таасир эткен мыйзамдар жана чечимдерди кароодо коомчулукка кайрылып, кеңешкен жок.
Сөз эркиндиги
Бийлик өкүлдөрү каршы сын – пикирлерди кысымга ала турган мыйзам долбоорлорун сунуштап, сөз эркиндигин жана тынч нааразычылыктарды чектөө менен саясий куугунтукка алууну күчөттү.
Адам укуктары жана эркиндиктери жаатында иш алып барган “Кылым шамы” коммерциялык эмес уюмунун маалыматы боюнча, январдан октябрга чейин тергөө органдары тарабынан журналисттерге, активисттерге, блогерлерге жана социалдык тармактардагы серепчилерге каршы кеминде 71 кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн. Андагы айыптоолор этникалык же диний кастыкты козутуудан баштап, массалык башаламандыкка жана конституциялык түзүлүштү кулатууну үндөөгө чейин камтып, негизинен саясий курч маселелер, жемкорлук жана укук бузууларды билдирген сындарды жазалоого багытталган.
Милиция “Айт Айт Десе” жана Temirov Live журналисттик иликтөө долбоорлоруна учурда жана мурда тиешеси бар 11 медиа кызматкерин “жапырт башаламандыкка үндөдү” деген негизсиз айып менен январь айында камакка алган. 10-октябрда жабык эшик артында өткөн соттук жараяндан кийин сот, Temirov Live долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга жана Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Эки башка айыпталуучуга үч жылдан пробациялык жаза берилип, калган жети адам толугу менен акталган.[i] 18-декабрда апелляциялык сот мурдагы чечимдерди өзгөртпөстөн өз күчүндө калтырган. Бул чечим өз кезегинде декабрдын аягында Жогорку Сотко аппеляциялык даттанууга берилген.
Улуттук илимдер академиясынын (УИАнын) мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев, УИАнын адистери экспертизаларды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен бийликти сындагандарды жоопко тартууга ыңгайлаштырып жазаарын айтып чыккандан кийин июль айында камакка алынган. Ага социалдык тармактагы мындай ачык сын – пикирлери үчүн Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлган. Жоомарт Карабаевдин соту октябрда башталып, жыл соңунда аягына чыккан эмес.
Жогорку сот июль айында “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу боюнча чечимди өзгөрүүсүз күчүндө калтырган. Буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Медианы жабуу арызы менен шаардык прокуратура сотко кайрылып, “Клоопту” массалык медиа каражаты катары каттоодон өтпөгөнүн, уставында көрсөтүлбөгөн башка медиа иштер менен алектенип, окурмандарды бийликке каршы акцияларга кошулууга чакырды деп айыптаган.[ii]
Август айында бийлик интернетте же жалпыга маалымдоо каражаттарында жалган жалаа жабуу жана кемсинтүү боюнча административдик укук бузуулар боюнча мыйзам долбоорун киргизген. Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы бул мыйзам долбоорун изилдеп чыгып, анда адам укуктарынын эл аралык стандарттарына шайкеш келүү үчүн ага олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү керек деген бүтүмүн чыгарган. Бирок буга карабастан, декабрда парламент тиешелүү мыйзам долбоорун бекиткен.
Бийлик экстремизмдин бүдөмүк түшүнүгүн камтыган же бул багытта так аныктама бербестен, мындай материалдарга ээлик кылууда кылмыш жоопкерчилигин орнотууну көздөгөн мыйзам долбоорун сентябрь айында коомдук талкууга койгон. Бул долбоор интернетти же жалпыга маалымдоо каражаттарын “экстремисттик” аракеттерге же “бийликти күч менен басып алууга чакырык таштоого” карата да мыйзамдуу жоопкерчиликти сунуштап жаткандыктан, каршы айтылган сын — пикирлерди басууга да колдонулушу мүмкүн деген кооптонууну жаратууда.
[i] “Kyrgyzstan: Drop baseless charges against Temirov LIVE and Ayt Ayt Dese journalists”, 2 October
[ii] “Kyrgyzstan: Overturn decision to liquidate Kloop Media”, 6 September
Биригүү (ассоциация) эркиндиги
Президент Садыр Жапаров апрель айында чет өлкөдөн каржыланган жана бүдөмүк түрдө“саясий ишмердүүлүк” деп атап, аны менен алектенген бардык бейөкмөт уюмдарды “чет элдик өкүл” катары каттоодон өтүүгө милдеттендирген чектөөчү мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, бийлик өкүлдөрү бейөкмөт уюмдун ишмердүүлүгүн соттун чечимисиз токтотуп, же уюм “чет элдик өкүл” катары катталбаса, аны реестерден же каттоодон чыгара алат. Венеция комиссиясы октябрь айында бул мыйзам Кыргызстандын Конституциясына жана эл аралык келишимдерге карама-каршы келээрин жана аны ишке ашыруу чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдарды “каралоо, кысымга алуу жана акыр аягында жабылуу коркунучуна” алып келет деген бүтүмүн чыгарган. Декабрдын аягында аз сандагы уюмдар чет элдик өкүл катары каттоодон өткөнү менен көптөрү өз ишмердүүлүгүн кыскартып, же бейөкмөт уюм катары ишин токтотууга аргасыз болду.
Адилетсиз сот чечимдери
14-июнда сот “Кемпир-Абад” иши боюнча саясий жүйө менен массалык башаламандыкты уюштурууга, айрымдары бийликти күч менен басып алуу аракеттерине шектелип кармалган бардык 22 айыпталуучуну актады. Бул иш тергөөдөгү дал келбестиктер жана процессуалдык бузуулар менен коштолгон. Мында соттолуучулар өздөрүнүн укуктарын тынч маанайда ишке ашырып, анын ичинде 2022-жылы Кемпир-Абад (Анжиян) таза суу сактагычын көзөмөлдөөнү токтотууга кабатырлануусун билдиргени үчүн камакка алынган. 22 айыпталуучунун баарын 20 жылга эркинен ажыратууну суранган тергөө тарабы актоо чечимине каршы апелляциялык арыз менен кайрылып, сот процесси жыл аягында жыйынтыкталган жок.
ЛГБТИ адамдардын укуктары
2023-жылы ЛГБТны үгүттөөгө тыюу салган мыйзам, бул багытта иш алып барган бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизди. Көптөгөн бейөкмөт уюмдар коомдук маалымдуулукту жогорулатуу жана билим берүү иш-чараларын кыскартып, укуктары тобокелге учураган адамдарга колдоо көрсөтүүнү чектөөгө аргасыз болду.
Январь айында “Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” жаңы мыйзам боюнча жынысын тастыктоого кам көрүү жашы 25ке чыгарылып, трансгендерлердин ден соолугуна жана дене автономиясына болгон укуктарын басмырлоочу чектөөлөр киргизилген. БУУнун Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча комитети (ЭСМУК) бийликти сексуалдык жана репродуктивдүү саламаттыкты сактоо кызматтарына жана трансгендерлердин жынысын ырастоочу медициналык жардамды алууда жеткиликтүүлүктү кепилдөө үчүн жаңы мыйзамды кайра карап чыгууга чакырды.Муну менен катар, ЭСМУК дискриминацияга каршы комплекстүү мыйзамдарды кабыл алуу кечеңдеп жатканына тынчсыздануусун билдирип, ЛГБТИ адамдарды басмырлаган бардык мыйзамдарды, атап айтканда “салттуу эмес сексуалдык мамилелерди” үгүттөөгө каршы коюлган мыйзамды жокко чыгарууну сунуштады.
Гендердик зомбулук
Полный запрет на демонстрации, введённый судами в 2022 году в центральных районах Бишкека (за исключением территории небольшого парка), был продлён до 31 декабря.[1] В сентябре и октябре суды Үй-бүлөлүк зордук зомбулук, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктар кеңири жайылган түрдө, көпчүлүгү айтылбай, жашыруун бойдон калып жатат. Кылмышкерлер болсо жазасыз калууда. Милиция кызматкерлери тарабынан январдан октябрга чейин үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 14,293 учур катталган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 37%га көп.
Президент зордукталуу жана сексуалдык зомбулукка кабылууда жарашуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган мыйзамга август айында кол койгон. Бирок, үй-бүлөлүк зомбулук, анын ичинде түгөйүнүн зордуктоосу административдик укук бузуу катары каралып, айып пул салуу же жети суткага чейин административдик камакка алуу менен гана жазаланат.
Октябрь айында БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы, сексуалдык жана гендердик зомбулуктун курмандыгы болгон майыптыгы бар аялдар менен кыздар жардам сурап кайрылууда олуттуу тоскоолдуктарга дуушар болуп, дээрлик коргоого алынбай жатканын билдирди.
Тамак ашка болгон укук
Октябрь айында ЭСМУК калктын дээрлик жарымы, өзгөчө жакырчылыкта жашагандар күнүмдүк тамак-ашка болгон муктаждыктарын канааттандыра албайт жана төрттөн үч үй-бүлө жетиштүү тамактанууга чамасы жетпейт деген тынчсыздануусун айтты.
Кыргызстанда болжол менен ар бир үчүнчү адам жакырчылыкта жашайт. Мында балдар, майыптыгы бар адамдар, эмгек мигранттары, үй-бүлөлөр жана айыл тургундары көбүрөөк жапа чегишет.
Дени сак айлана – чөйрөгө болгон укук
Кыргызстан ЭСМУКтун “Тоо — кен казып алуу иштери жана өнүктүрүү долбоорлорунун айлана-чөйрөгө жана жергиликтүү элдин жашоо-тиричилигине тийгизген зыяндуу таасири” деген билдирүүсүнө карабастан, адам укуктарына тийиштүү аракеттерди камсыз кылуу боюнча юридикалык милдеттенмелери бар ченемдик укуктук базаны кабыл алган жок.
Президент сейрек кездешүүчү кендерди иштетүүгө тыюу салган 2019-жылдагы мыйзамды жапа чеккен жамааттар менен натыйжалуу кеңешпей туруп, июнь айында жокко чыгарды.
Бийлик адам укуктары боюнча алдын ала текшерүү иштерин жана комплекстүү экологиялык экспертиза жүргүзбөстөн сентябрдан тартып, Кызыл-Омпол аймагында торийди казып алууну баштады.