Кыргызстандык журналисттерди жана «Айт Айт десе» жана «Темиров LIVE» медиа кызматкерлерин бошотуу талабы. Кошулуңуз!

16-январда милиция кызматкерлери Кыргызстанда коррупция боюнча айыптоолорду иликтеген эки көз карандысыз “Айт Айт десе” жана “Темиров LIVE” медиа-долбоорлорунун мурдагы жана учурдагы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүздү. Алардын арасында “Темиров LIVE” каналынын жетекчиси Махабат Тажибек кызы жана 23 жаштагы фактыларды текшерүүчү Айке Бейшекеева да бар. Социалдык тармактарда жарыяланган видеодон келип чыккан “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 11 адамдын баары сурак берүү үчүн камакка алынган. Эми аларга расмий айып тагылып, тергөө абагында отурушат жана 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. 12-марттан 9-апрелге чейин алты журналист тергөө абагынан үй камагына которулуп, бирөө эч жакка кетпөө тил катынын негизинде чыгарылды. Бирок аларга коюлган айыптар алынып салынган эмес. Ал эми Махабат, Айке жана дагы эки журналист камакта калтырылды.


Текст обращения:

Урматтуу Президент,

Мен, Махабат Тажибек кызынын, Айке Бейшекееванын жана “Айт Айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлоруна тиешеси бар башка тогуз журналисттин жана медиа кызматкерлеринин өз билемдик менен кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылышына тынчсыздануумду билдирүү үчүн кайрылып жатам.

Аларга социалдык тармактарда жарыяланган видеонун негизинде “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” боюнча кылмыш иши козголду. Журналисттер аларга коюлган айыптарды четке кагууда. Коюлган айыптардын журналисттерди бийликти сындаганы үчүн аларды жазалоо ирээтинде сөз эркиндигин бузуу менен болуп жатканы мени тынчсыздандырууда.

5-апрелде тергөө абагында Махабаттын кыйноого алынганы же башка катаал мамилеге дуушар болгондугу тууралуу маалымат мени абдан капалантты. Кыргызстандагы Адам укуктары боюнча Акыйкатчы институту абак кызматкерлери аны камерада сабап, денесинин өйдө жагында көгала тактар калганын ырасташкан.

Мен Сизден,

Махабат Тажибек кызына, Айке Бейшекеевага жана “Темиров LIVE” жана “Айт Айт Десе” медиасынын дагы тогуз журналистин токтоосуз бошотууга жана аларга коюлган бардык айыптарды алып салууга болгон күчүңүздү колдонуп, алардын Кыргызстандагы кесиптик ишмердүүлүгүн эркин жана тоскоолдуксуз улантууга мүмкүнчүлүк берүүңүздү сурайм. Ошондой эле, Махабат Тажибек кызы менен Айке Бейшекеева бошотулганга чейин, аларды камакта кыйноолордон жана башка катаал мамиледен коргоону камсыздоону өтүнөм.

Урматтоом менен,

Адрес:

Садыр Жапаров

Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы 

Абдумомунов көчөсү 207

720003, Бишкек шаары
Кыргыз Республикасы