Бийликтин жалпыга маалымат каражатын жабуу аракети басма сөз эркиндиги үчүн кара күн болуп эсептелет

Amnesty International уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мэйси Вайхердинг, Кыргызстандын бийлиги коммерциялык эмес көз карандысыз “Клооп Медиа” басылмасын жабуу арызы менен сотко кайрылганы тууралуу кабарга жооп берип жатып буларды айтты:

“Клооп Медиа” – Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу фактыларга негизделген маалыматтарды берүүгө умтулган кадыр-барктуу, көз карандысыз медиа каражаты. Өлкө бийлигинин аны жабуу аракети сөз эркиндиги жана Кыргызстандын жарандары үчүн адам укуктарынан пайдалануу жаатындагы регрессиянын  акыркы кадамы болуп саналат.

Бишкек шаардык прокуратурасынын доо арызында Клооптун жаңылыктарына карата сындуу позициясы көрсөтүлөт. Бирок Кыргызстандын Конституциясы жана адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдар менен корголгон сөз эркиндиги укугу, саясий ой-пикирин билдирүүнү коргоону күчөтүүнүн зарылдыгын баса белгилейт. ЖМКлардын көзөмөлдөөчү ролун эске алуу менен, мамлекеттик кызматкерлер аларга карата айтылган сын-пикирлерди ойлонуу менен туура кабыл алат күтүлөт.

Бийликтин сөз эркиндигин тынымсыз кысымга алуусу, анын ичинде журналисттерди жана бийликти сындагандарды бутага алуу жана тынч нааразылык акцияларын куугунтуктоо акыркы бир нече жылдарда Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышы боюнча оң жылыштарды жокко чыгаруу коркунучун жаратат.

Amnesty International кыргыз бийлигин “Клооп” басылмасына карата доо арызын дароо кайтарып алууга жана анын өлкөдөгү чындыктын жана адам укуктарынын символу катары маанилүү ишин улантууга уруксат берүүгө чакырат.”

Башкы маалымат

Акыркы эки жылда Кыргызстанда бийликти сындагандардын, анын ичинде  мамлекеттик аткаминерлерден милдеттерин жана жоопкерчиликтерин  талап кылууда өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарынан пайдаланган оппозициялык саясатчылар, укук коргоочулар жана журналисттер куугунтукка кабылып, камакка алынып, сот жообуна тартылгандардын саны өсүүдө. Ошондой эле, Кыргызстан боюнча бир катар медиа басылмалары да жабылды. 2023-жылдын сентябрында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун дарегине жазылган макала боюнча арыз менен кайрылгандан кийин Маданият министрлиги Kloop сайтынын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

 “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” 2021-жылы кабыл алынган репрессиялык мыйзам жалпыга маалымат каражаттарын андан ары чектөө үчүн негиз болду. Бийликтер ошондой эле сөз эркиндигин басуу жана тынч чогулуу эркиндигин чектөө үчүн, анын ичинде медиа кызматкерлерин жана укук коргоочуларды бутага алуу жана ошону менен журналисттер менен ЖМКлардын коомдук ишмерлерди сындашына бөгөт коюу үчүн жек көрүүчүлүк, баш ийбестик, массалык башаламандыктарга же зордук-зомбулуктарга чакырыктар боюнча кылмыштын белгилери менен жоопкерчиликке тартуу аракеттерин колдонууда.