Amnesty International “Адам укуктарына киришүү” онлайн – курсун кыргыз тилинде ишке киргизет

Amnesty International уюму Борбордук Азиядагы IDEA уюму менен биргеликте кыргыз тилинде «Адам укуктарына киришүү» онлайн – курсун ишке киргизет. Бул Amnesty Academy платформасында жана Amnesty Academy тиркемесинде кыргыз тилинде сунушталган алгачкы курс болуп, адам укуктары боюнча сабаттуулукту арттырууну бардык кыргыз тилдүүлөргө жеткиликтүү кылат.

«Адам укуктарына киришүү» онлайн – курсуадам укуктарын коргоонун тарыхын,  негизги принциптерин жана механизмдерин түшүндүрөт. Бул курс теориялык материалдарды практикалык тапшырмалар, кырдаалды талдоо жана турмуштук мисалдар менен айкалыштырган интерактивдүү методологияга негизделген. Катышуучулар адам укуктары алардын күнүмдүк жашоосуна кандай таасир этээрин, аларды кантип коргоп, алдыга жылдырса болорун жана аларды өз жамааттарындагы укук коргоо иш чаралары үчүн кантип натыйжалуу колдонууну үйрөнүшөт.

Курс Борбор Азиянын реалдуулугуна ылайыкташтырылып, кыргызстандык укук коргоочу жана активист Айзат Русланова менен «Каттар марафону – 2021» регионалдык кампаниясынын каарманы болгон казакстандык активист жана сатирик Темирлан Енсебектин окуялары менен толукталды. Эми Кыргызстандын мугалимдери жана жаштары адам укуктарын күнүмдүк тажрыйбаларына жана билим алуусуна оңой эле кошуп кете алат деп сыймыктабыз.

«Бул курс биринчи кезекте кыргыз тилдүү жаштар үчүн маанилүү инструмент болот деп үмүттөнөбүз, ошондой эле ал кеңири аудиторияга, ар кыл тармактагы адистерге да пайдалуу болот деп ишенебиз. Ал эми өзүбүздүн укуктарыбызды билүү ар бир  адамга өзүнө болгон ишенимин арттырып, эркиндигин коргоого даяр болууга жардам берет», — дейт активист жана Борбордук Азиядагы IDEA жаштар уюмунун директору Айзат Русланова.

Өзүбүздүн укуктарыбызды билүү ар бир адамга өзүнө болгон ишенимин арттырып, эркиндигин коргоого даяр болууга жардам берет

Айзат Русланова, активист жана IDEA Борбордук Азия жаштар уюмунун директору

Amnesty Academy – бул адам укуктары боюнча акысыз курстарды сунуштаган эл аралык билим берүү платформасы. Окуу материалдары ар кандай тилдерде сунушталып, алар базалык темалар менен бирге квалификацияны жогорулатуу программаларын да камтыйт. «Адам укуктарына киришүү» курсу алгач англис тилинде глобалдык билим берүү долбоору үчүн түзүлгөн жана ал адам укуктарынын негизги принциптерин үйрөнүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Бул онлайн-курс акысыз жана аны каалаган ыңгайлуу убакта,  оффлайн режиминде да, Amnesty Academy тиркемеси аркылуу алса болот. Мында курсту ийгиликтүү толук аяктаган катышуучулар, Amnesty International уюмунун башкы катчысы Аньес Каламар кол койгон сертификат алышат.  

«Бул курсту кыргыз тилинде сунуштап жатканыбыз биз үчүн чоң сыймык. Ошондой эле бул мугалимдер үчүн жеткиликтүү ресурстарды түзүүнүн биринчи кадамы болуп, аларга адам укуктарын камтыган «Адам жана коом» предмети боюнча жаңыланган стандарттарды колдонууга мүмкүндүк берет», — дейт Бурул Козубаева, курстун котормосунун рецензенти.

Amnesty Academy платформасындагы курска шилтеме: https://academy.amnesty.org/learn/course/external/view/elearning/380/adam-ukuktaryna-kiris

Amnesty Academy iOS тиркемесине шилтеме: https://apps.apple.com/us/app/human—rights—academy/id1534113236

Amnesty Academy Android тиркемесине шилтеме: https://play.google.com/store/apps/details?id=com.amnesty.academy&gl=US