• Эл Аралык Мунапыс Уюмунун (Amnesty International) негизсиз камакка алуу өнөктүгүнө болжол менен 50гө жакын жаңы кармалгандар кошулуп, алардын жалпы саны 120га жетти.
• Үй-бүлө мүчөлөрү узакка созулган ажырымдардын адилетсиздигин жана коркунучтуулугун сүрөттөшөт
• БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары жакында Шиңжанга болгон сапарына карабастан, кырдаал тууралуу маалымат бере элек
Эл Аралык Мунапыс Уюму бүгүн Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялык аймагында камакта жаткан 48 этникалык уйгур жана казак элинин жакындарынын жүрөк ооруткан жаңы билдирүүсүн жарыялап, кайра дагы БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарын чара көрүүгө чакырды.
Жогорку комиссар Мишель Бачелеттин кызматтык мөөнөтү аяктап жатат, бирок ал Шинжаңдагы адам укуктарынын олуттуу бузулушу боюнча көптөн күтүлгөн отчетун жарыялай элек. Ошондой эле, ал Кытай бийлигинин аймактагы мыйзам бузууларынын олуттуулугун ачык көрсөтүүнү бир нече жолу ишке ашыра алган жок. Ушундай кечигүүлөрдөн улам БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин кезектеги жыйыны ушул аптада, БУУнун Шинжаң боюнча корутундусун талкуулабастан аяктап жатканы абдан кейиштүү көрүнүш.
Эл Аралык Мунапыс Уюму топтогон жаңы көрсөтмөлөр аймакка тиешелүү Шиңжандык Туткундарды Бошотуу өнөктүгүнүн бир бөлүгү болуп саналат. Анда учурда Кытайдын Шиңжандагы эбегейсиз эрежелери бар түрмөлөрү менен түзөтүүчү лагерлеринде кармалып жаткан 120 адамдын окуялары баяндалган.
Эл Аралык Мунапыс Уюмунун Баш катчысы Аньес Каламар алардын көбүнүн бир нече үй-бүлө мүчөлөрү камакта экенин белгилеп: “Бир киши 40 жакын тууганы камакта экенин айтты. Мындай көрүнүш зордук-зомбулуктун кандай системалашкан чоң масштабда экенин айгинелейт. Бул үй-бүлөлөрдүн окуялары Шиңжанда болуп жаткан үрөй учурарлык көрүнүштөрдү ачык далилдери. Булар адамзатка каршы кылмыштарга тең келет“,– деп билдирди.
«Шиңжандагы дистопиялык коркунучтуу түштөгүдөй иштерге каршы БУУнун узакка созулган жообун мүнөздөгөн тил эмизген кадамы, Кытайдын 2017-жылдан бери Шинжаңдагы басымдуу бөлүгү мусулман азчылыктарды бутага алган массалык камакка алуу, кыйноо жана куугунтуктоо өнөктүгүнүн курмандыктары жана аман калгандары үчүн акарат келтирет. Биз Кытай бийлигин түзөтүүчү лагерлердин кеңири сиситемасын жоюуга чакырууну улантабыз; түрмөлөрдө жана башка жерлерде болобу, бардык негизсиз камоолорду, күч менен жоготууларды жана ырайымсыз мамилени токтотуу; Шинжаңдагы уйгурларды, казактарды жана башка азчылыктарга карата үрөй учурган куугунтуктуктоолорго чекит коюу.
“Кытай бийликтери жоопкерчиликке тартылууга тийиш жана Жогорку комиссар Бачелеттин БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине тез арада сунушталышы керек болгон көптөн бери кечиктирилген баяндамасын жарыялоосу чечүүчү кадам болуп саналат. Анын Шинжаңдагы адамзатка каршы кылмыштарды жана башка олуттуу адам укуктарынын бузулушун коомчулукка жарыялабай жатканы адилеттүүлүктүн орношуна тоскоол болууда. Бул ошондой эле БУУнун системасына шек келтирет.
Кытай бийликтери жоопкерчиликке тартылууга тийиш жана Жогорку комиссар Бачелеттин БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине тез арада сунушталышы керек болгон көптөн бери кечиктирилген баяндамасын жарыялоосу чечүүчү кадам болуп саналат
Аньес Каламар, Эл Аралык Мунапыс Уюмунун Баш катчысы
Ыдыраган үй бүлөлөр
Эл аралык Мунапыс уюму жакында Түркияда бозгунда жүргөн 48 туткундун жакындары менен бетме-бет жолугуп маектешти. Алар жакындары «террорчулукка» байланыштуу же башка жалган айыптар менен, кыязы, саякатка чыгуу же балдарынын чет өлкөдө билим алуу акысын төлөө сыяктуу күндөлүк иштер үчүн камакка алынганын айтып беришти. Башкалары динине же улутуна карап гана камакка алынгандай көрүнөт.
Уйгур Гүлайша Оралбай иниси, пенсиядагы уйгур журналист жана котормочу Дилшат Оралбайдын 2017-жылы Кытай бийлиги аны Казакстандан Шинжаңга кайтып келүүгө көндүргөндөн кийинки тагдырын айтып берди. Ал кайтып келгенден кийин дароо паспорту алынып, бир нече айдан кийин камакка алынган.
“Сот жок, жөн эле аны абакка камап 25 жыл берди [ага ошончо болот дешкен]”, — деди Гүлайша.
«Менин оюмча, ал өзү да эмнеге мындай экенин билбейт. Кимдир-бирөө ал Казакстанга барганы үчүн дейт, ар кандай шылтоолор бар, так себеби жана негизи жок».
Гүлайша менен Дилшаттын эки эжеси Бакытгүл менен Багила Оралбай дагы камакта.
Абдулла Расул иниси Пархат Расулдун 2017-жылдын май айында кантип кармалып, түзөтүүчү лагерге жиберилгенин Эл аралык Мунапыс Уюмуна айтып берди. Үй-бүлөсү ошондон бери андан түз кабар ала элек, бирок 2018-жылы ишенимдүү булак аларга Пархат тогуз жылга эркинен ажыратылганын айткан.
Пархат уйгур улутундагы дыйкан жана жарым күн касапчылык менен алектенчү.
Пархаттын үй-бүлөсү анын мусулман болгондугу жана кайрымдуулук иштери менен алектенгени үчүн гана камакка алынганына ишенет. Үй-бүлө мүчөлөрү Пархаттын жубайы Калбинур менен кайненеси Паризат Абдугүл дагы абакта болгонун айтышты. Пархат менен Калбинурдун 14 жана 16 жаштагы эки кызы жана 11 жашта бир уулу бар.
Абдулла Расул: “[Кытай өкмөтү] биздин өздүгүбүздү, маданиятыбызды, динибизди жок кылууну каалайт”- деп айтып, “Биздин мекенибизде чындыгында эмне болуп жатканын ар бир адам даана көрө алат”, — деген үмүтү бар экенин билдирди.
Медине Назими улуу эжеси Мевлүде Хилалдын үнүн акыркы жолу 2016-жылдын аягында укканы тууралуу айтып берди. Мевлүде Түркияда окуп жүргөн, бирок ооруп жаткан апасына жардам берүү үчүн Шиңжанга кайтып келгенден кийин 2017-жылы түзөтүүчү лагерге жөнөтүлгөн жана кийинчерээк «сепаратизм» деген айып менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал үй-бүлөлүү жана кичинекей кызы бар.
Медина, Эл аралык Мунапыс Уюмуна: “Алар эжемди алып кетишкенде жээним Айша бир гана жашта болчу. Биз күндөлүк турмушубуз менен алектенген бактылуу үй-бүлө болчубуз. Эжемди бир гана себеп менен ал уйгур болгону үчүн алып кетишти”,- деп айтты.
Кырдаал жөнүндө айткан адамдар өздөрүн чоң тобокелге салышат: камактагылардын бир нече үй-бүлө мүчөлөрү кырдаал тууралуу коомчулукка ачык айтууда бийлик аларды коркутуп жатканын айтышты.
Кырдаал жөнүндө айткан адамдар өздөрүн чоң тобокелге салышат: камактагылардын бир нече үй-бүлө мүчөлөрү кырдаал тууралуу коомчулукка ачык айтууда бийлик аларды коркутуп жатканын айтышты
Түркияда жашаган уйгур ишкер жана активист Абудурехман Тоти жубайы менен апасынын камалышы жана атасынын негизсиз кармалганына байланыштуу эл аралык маалымат каражаттарына маек берди. Ал Эл аралык Мунапыс Уюмуна Түркиядагы Кытайдын консулдугу ага кийинчерээк байланышка чыгып, аны камайбыз же «автокырсыктан» өлөсүң деп коркутканын айтты.
Тоодой үйүлгөн далилдер
2017-жылдан бери Кытайдын Шинжаңдагы уйгурларга, казактарга жана башка, басымдуу бөлүгү мусулман этникалык азчылыктарга карата “терроризмге” каршы күрөш деген шылтоо менен кысымдар көрсөтүлүп, ырайымсыз басымдар болуп жатканы тууралуу кеңири документтер бар. 2021-жылы Эл аралык Мунапыс Уюмунун кеңири баяндамасы – Кытайдын бийлиги системалуу түрдө мамлекет тарабынан каржылап ишке ашырган массалык камоолору, кыйноолору жана куугунтуктоолору адамзатка каршы кылмыштар экенин көрсөттү.
Кытайдын бийлик өкүлдөрү бул мыйзам бузуулардын изин жашыруу үчүн иштерди катуу көзөмөлгө алуу ыкмаларын колдонуп келет, бирок буга карабастан Шинжаңдан маалыматтар агып чыгууда
Кытайдын бийлик өкүлдөрү бул мыйзам бузуулардын изин жашыруу үчүн иштерди катуу көзөмөлгө алуу ыкмаларын колдонуп келет, бирок буга карабастан Шинжаңдан маалыматтар агып чыгууда. 2022-жылдын май айында бир нече эл аралык маалымат каражаттары Шиңжан Полициясынын Файлдары деп аталган биргелешкен иликтөөнү жарыялашкан, анда Кытайдын ички полиция тармактарынан алынган ачыкка чыккан сүйлөшүүлөрдүн, сүрөттөрдүн, документтердин жана электрондук таблицалардын кэштери (топтому) камтылган.
Аньес Каламар: “Далилдер көбөйүп жатканына карабастан, Кытай бийлиги Шинжаңдагы массалык негизсиз камоолор тууралуу дүйнөгө дагы эле калп айтууда”, деп билдирди.
“Эл аралык Мунапыс Уюму — БУУнун ондогон эксперттеринин көз карандысыз, калыс жана эл аралык механизмди түзүү боюнча биргелешкен чакырыгын колдойт. Мындай механизм Шинжаңда Кытай бийлиги жасаган адамзатка каршы кылмыштарды жана башка адам укуктарынын одоно бузулушун иликтеши керек. Миңдеген адамдар дагы эле негизсиз камалып жатышат жана алардын үй-бүлөлөрү чындыкка, адилеттүүлүккө жана жоопкерчиликке жетүүгө татыктуу”.
Бачелет камактагылардын үй-бүлөлөрүнүн суроо-талаптарына тез арада кайрылып, анын кеңсеси кармалгандар тууралуу маалымат алуу үчүн кандайдыр бир кадамдарды жасай алдыбы билдириш керек.
РЕДАКЦИЯГА ЭСКЕРТМЕЛЕР
БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 50-сессиясы уланууда жана сессия 8-июлда аяктайт. Бул Мишель Бачелеттин Жогорку Комиссар катары катышып жаткан акыркы жыйыны; анын мөөнөтү 2022-жылдын 31-августунда бүтөт жана ал экинчи мөөнөткө талапкер болбой турганын жарыялады.
Май айынын аягында көптөн күтүлгөн Кытайга болгон иш-сапарынын, анын ичинде Шиңжанга болгон кыска сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында Бачелет Кытайдагы адам укуктарынын олуттуу бузулушу тууралуу сөз кылган жок. Анын иш сапарынын аягындагы билдирүүсү аймактагы жоопкерчиликти жогорулатуу аракеттерин жокко чыгарды, тескерисинче, ал Кытай өкмөтү үчүн алдын ала айтылган пропагандалык аракеттерге түздөн-түз катышып жаткандай таасир калтырды. Кийинчерээк ал Шинжаңда жүргөндө камактагы бир дагы уйгур же алардын үй-бүлөлөрү менен сүйлөшө албаганын жана аны аймакта мамлекеттик кызматкерлер дайыма коштоп жүргөнүн мойнуна алды.